Эс алуучулар үчүн Ысык-Көл облусуна кирүүгө тоскоолдук жаралбайт

Эс алуучулар үчүн Ысык-Көл облусуна кирүүгө тоскоолдук жаралбайт.

Буга Маданият жана туризм министри Азамат Жаманкулов ишендирүүдө.

Анын айтымында, буга чейин киргизилген чектөөлөр алынат. Бирок жарандардын

дене табы текшерилип, унаа тууралуу маалымат катталат. Жаманкулов белгилегендей,

бул жылы эс алуу пансионаттары жана үйлөрү үчүн атайын санитардык талаптар коюлат.

Эске салсак, Ысык-Көлдөгү эс алуу жайлары 1-июндан тартып ишке кирише алат.