Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу бар

Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу бар.

Бул тууралуу Кыргызгидромет эскертет. Андан белгилешкендей,

29-майдан 3-июнга чейин күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу

сел жүрүшү ыктымал. Бул күндөрү дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

Буга аба табынын кескин жогорулашы себеп болууда.