Бала бакчалар тиешелүү текшерүүдөн кийин гана ачыла алат

Бала бакчалар тиешелүү текшерүүдөн кийин гана ачыла алат. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова айтып берет.

 

Санэпидемстанциянын корутундусу болуш керек. Анан кайсы эрежелерди сакташ керек, ошонун бүт топтомдор даярдалды. Жергиликтүү бийлик, билим берүү бөлүмдөрү ал бала бакчаны ача албайт, эгер корутундусу болбосо. Ал жеке менчик бала бакчабы, кандай бала бакча болбосун санэпидемстанциянын корутундусун көрсөтүшү керек

 

Белгилеп кетсек, бала бакчалардын иштөөсүнө 5-июнда уруксат берилди.