Кыргызстандагы университеттерди эки түргө бөлүү пландалууда.
Билим берүү министринин орун басары Нурлан Өмүровдун айтымында,
биринчиси – билим берет, изилдөө жүргүзөт, инновациялар менен алектенет,
кийинкиси – эмгек рыногуна кадрларды даярдайт. Буга чейин министрлик
ЖОЖдордогу билим берүү программасын даярдаган. Анын максаты — рыноктун
талаптарына жооп берген билим берүү программаларын, илимий
изилдөөлөрдү башкаруу системасын иштеп чыгуу.