Кыргызстанда жол курууга жана оңдоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 5 жылда дээрлик 7 миллиард сомго өстү

Кыргызстанда жол курууга жана оңдоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 5 жылда дээрлик 7 миллиард сомго өстү.

Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, 2018-жылга каржылоонун жалпы суммасы 10 миллиард 139 млн сомду түзүп, аткарылган иштердин көлөмү 558 чакырымды түзсө, быйыл 661 чакырым жолду курууга жана оңдоого 16 миллиард 543 миллион сом бөлүү пландалууда.

Эске салсак, учурда Унаа жана жолдор министрлиги тарабынан жол куруу тармагындагы 11 долбоор ишке ашырылууда.