Дүйнөлүк банк Ош облусун өнүктүрүүгө жана колдоого 60 миллион доллар бөлүп берет

Дүйнөлүк банк Ош облусун өнүктүрүүгө жана колдоого 60 миллион доллар бөлүп берет. Бул тууралуу өкмөттүн аталган аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

 

Анын айтымында, каражаттын жарымы карантинден кийин туризмди өнүктүрүүгө жумшалат. Калган бөлүгү жол куруу, таза суу системасын салуу жана маданият тармагын жакшыртууга багытталат, — деди Жылкыбаев.