Бишкек мэриясы мыйзамсыз орнотулган объектилерди бузууну улантып жатат.
Муниципалитеттин маалымат кызматы билдиргендей, Ататүрк паркында
мыйзамсыз орнотулган аттракциондорду бузуу иштери башталды.
Аталган сейил бакта жалпы 28 аттракцион бар. Мындан тышкары 4-кичи райондогу
мыйзамсыз орнотулган күркө алынды. Түшүндүрүү иштеринен кийин
Некрасов менен Абдыкадыров көчөлөрүнүн кесилишиндеги жана
Патриса Лумумба тилкесиндеги күркөнү ээлөөчүлөр өз эрки менен бузушту.
Белгилеп кетсек, 2019-жылы жалпы 2 миң 659 объект алынды.
Алардын арасында жарнамалык конструкциялар да бар.