Кыргызстанда ата-энеси жок балдарга банктан эсеп ачылып, ага өкмөт акча которуп турат

Кыргызстанда ата-энеси жок балдарга банктан эсеп ачылып, ага өкмөт акча которуп турат. Бул тууралуу Социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров билдирди. Ал белгилегендей, тоголок жетим балдарга буга чейин жөлөкпул берилчү эмес.

 

Эми ай сайын алардын эсебине 2 миң сомдон түшөт. Бала 18 жашка чыкканда чогулган акчаны колдоно алат. Белгилеп кетсек, өкмөттө интернат жана балдар үйлөрүн реформалоонун 2019-2021-жылдарга эсептелген планы бекитилген.