Юстиция министрлиги жерди мыйзамсыз басып алуу үчүн жазаны күчөтүүнү сунуштады

Юстиция министрлиги жерди мыйзамсыз басып алуу үчүн жазаны күчөтүүнү сунуштады. Өзгөртүүлөргө ылайык, мындай аракеттер үчүн 50 миңден 100 миң сомго чейин айып салынат.

 

Ал эми азыркы административдик чара 20 миң сомдук айыпка барабар. Алсак, учурда жерди басып алуу күч колдонуу менен жүргүзүлсө, анда мыйзам бузуучу 5 жылга эркинен ажыратылат.

 

Демилгечилер бул мөөнөттү 7 жыл деп белгилейт. Андан тышкары, кызматтык жактарды, тилкелердин ээлерин жана ижарачыларды дагы жерди мыйзамсыз басып алуу аракеттерине чара көрбөгөндүгү үчүн жоопкерчиликке тартуу снушталды. Алар 70 миң сомго чейин айыпка жыгылышы мүмкүн.