“Түндүкэлектр” керектөөчүлөрдү электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырат

“Түндүкэлектр” керектөөчүлөрдү электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырат. Бөлүштүрүүчү компаниядан такташкандай, сарамжалдуу колдонуу сунушу аварияларды алдын алуу жана электр жабдууларынын иштен чыгуусун алдын алуу үчүн берилет.

 

Буга чейин “Электр станциялары” компаниясынан билдиришкендей, Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көломү кескин азайып, бүгүнкү күндө  10,5 миллиард кубометрге жетти. Суунун чыгышы келүүсүнөн 4 эсе аз болуп жатат.