Таксисттер үчүн лицензиянын баасы 500 сомдон 1 миң сомго чейин түзөт

Таксисттер үчүн лицензиянын баасы 500 сомдон 1 миң сомго чейин түзөт.

 

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы Темирлан Мирсадык уулу билдирди.

 

Анын айтымында, учурда тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды, башка ведомстволор арасында макулдашуудан өтүп жатат. Күтүлгөндөй, атайын автоматташтырылган система киргизилип, ал лицензиянын бар-жоктугун аныктайт.