Пара алуу боюнча билдирген Кыргызстандыктарга акчалай сыйлык ыйгарылат

 

Пара алуу боюнча билдирген Кыргызстандыктарга акчалай сыйлык ыйгарылат.

Учурда тиешелүү мыйзам күчүнө кирди. Документке ылайык, коррупциялык

мыйзам бузуулар тууралуу бийликке кабарлагандарга, коммерциялык

паракорлуктун 30 пайызы ыйгарылат. Мындан тышкары, маалымат

берген жарандын жана анын туугандарынын коопсуздугу көзөмөлдө болот.

Ага күзөт кызматы жана бекер юридикалык жардам көрсөтүлөт.

Ошондой эле кызматынан мезгилсиз бошотуу жана жетекчилиги

кызматына кыянаттык кыла албай турган коргоолор каралды.