Кафе-ресторандар жергиликтүү өндүрүштөгү алкоголь сатууга милдеттендирилет

Кыргызстанда кафе-ресторандар жергиликтүү өндүрүштөгү алкоголдук жана алкоголсуз азыктарды сатууга милдеттендирилет.

Мындай демилгени Экономика министрлиги көтөрүп чыкты.

Демилгечилердин айтымында, бул талап жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоого жана улуттук суусундуктарды жайылтууга шарт түзөт.