Казакстан Кыргызстанга кезектеги ирет гуманитардык жардам берди.
Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Ош шаарындагы консулу Зарина Шахманова билдирди.
Анын айтымында, 5 миң тонна ун жана 1 миң тонна үрөн темир жол аркылуу жеткирилди.
Гуманитардык жүк Жалал-Абад жана Ош облустарына бөлүштүрүлдү. Эске салсак,
Казакстан өткөн аптада дагы Кыргызстанга 10 миң тонна унду гуманитардык жардам катары берген.