Саламаттык сактоо министрлиги Араб координациялык тобунан 25 миллион доллар сурап жатат.
Мекеме бул каражатка Бишкек шаардык № 1 клиникалык ооруканасынын жаңы имаратын кургусу келет.
Объектти курууга 20 миллион доллар сарпталат.
Калган каражат эмерек жана жабдууларды сатып алууга жумшалат.
Маалым болгондой, оорукана өткөн кылымдын 30-жылдарында курулган.
Жаңы оорукана куруу маселеси төрт жылдан бери эле айтылып келет.