Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү азаюуда

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү азаюуда.

Учурда андагы суунун көлөмү 14 миллиард 526 миллион кубометрди түзөт, деп билдиришти

“Электр станцияларынан”. Учурда суунун агып киргени секундасына 200 кубду түзсө,

чыгышы 540 кубометрге жетип жатат. Ишканадан белгилешкендей, былтыр ушул эле

мөөнөт аралыгында башкы резервуардагы суунун көлөмү 16 миллиард 845 миллион кубометрди түзгөн.

Белгилеп кетсек, күзгү-кышкы сезондо тартыштык жаралбашы үчүн Кыргызстан

Казакстандан дээрлик 500 миллион  кВт/саат электр энергиясын сатып алат.