Ош облусунда төрт баллга жеткен жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 30-декабрда саат 12:08де Ош облусунун аймагында очогунда күчү төрт баллга жеткен жер титирөө катталган.

 

Жердин титиреши Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 3,5 балл, Кашка-Суу, Кара-Кабак жана Алай районунун Сары-Могол, Талды-Суу айылдарында үч баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча, жер титирөөдөн эч ким жабыркап, эч нерсе кыйраган жок.