Парламенттик шайлоолорго карата добуш берүүчүлөрдүн болжолдуу тизмеси түзүлдү. Ага ылайык, 3 миллион 429 кыргызстандык добуш бере алат, — деп билдирди БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов.
Анын айтымында, жарандар тизмеден өздөрүн таппаса, онлайн түрүндө арыз бериши керек.
Эске салсак, Жогорку Кеңешке шайлоолор 4-октябрга белгиленди. Саясий партиялар 20-августка чейин талапкерлердин тизмесин түзүп, онлайн съезддерин өткөрүшү керек. Үгүт кампаниясы 4-сентябрда старт алат.