Кыргызстанда коронавирустан улам 586 адам дарыгерлердин көзөмөлү алдында

Кыргызстанда коронавирустан улам 586 адам дарыгерлердин көзөмөлү алдында. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өлкө аймагында вирус катталган жок. Эпидемиологиялык абал туруктуу.

 

10-февралга карата таратылган маалыматта стационардык кароодо 96 киши, жашаган жери боюнча медициналык кароодо 490 адам бар экени айтылат. Баарынын ден соолугу канааттандырарлык.

 

Мектеп, бала бакча жана жогорку окуу жайларда, социалдык мекемелерде вирус тууралуу жана анын алдын алуу боюнча маалыматтар берилип жатат.