Өзбекстанда ЖОЖдордун келишимдик окутуу акысы 10 пайызга арзандады.
Мындай чечимди Каржы министрлиги кабыл алды.
Эми күндүзгү бөлүмдө окуган студенттердин окуу акысы 10 пайызга төмөндөйт.
Мындан тышкары окуу жайларга ата-энеси жок, мүмкүнчүлүгү чектелген жана
социалдык жардамга муктаж үй-бүлөлөрдөн чыккан студенттерге каржылык жардам көрсөтүлөт.
Жардамдын суммасы болжол менен 400 доллар. Кошумчаласак, өлкөнүн жогорку жана
атайын кесиптик окуу жайларында сабактар 1-сентябрда онлайн форматында башталат.