Бүгүнтөн тартып Казакстанда карантиндик чектөөлөр жумшартылат

Бүгүнтөн тартып Казакстанда карантиндик чектөөлөр жумшартылат.

Нур-Султанда калкты тейлөө борборлору, дүкөндөр, тамактануу жайлары,

каржы мекемелери ачылат. Бирок бардык жарандар бет кап кийүү, аралыкты сактоо,

антисептикалык каражаттарды пайдалануу эрежелерин кармоого милдеттүү.

Ал эми иштөөсүнө тыюу салынган тармактардын катарында мурдагыдай эле

массалык эс алуу жайлары, мончо, СПА-салондор, түнкү клубдар бар.

Ошондой эле той-топурга дагы уруксат берилбейт.

Учурда коңшу өлкөдө коронавирус жуктургандар 29 пайызга азайды.