Милиция жарандарды чөнтөкчүлөрдөн сак болууга чакырат

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы жарандарды чөнтөкчүлөрдөн сак болууга чакырат.

Айрыкча, коомдук транспортто өтө этият болуу керек.

Милиция капчык, телефон жана башка баалуу буюмдарды башкалардын көңүл чордонунан алыс кармоону эскертет.

Белгилеп кетсек, жеке менчикти уурдагандар түзөтүү жумуштарына тартылат же 100 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөйт.