Венеция бийлиги бир күндүк саякат менен келген туристтер үчүн салык киргизет

Венеция бийлиги бир күндүк саякат менен келген туристтер үчүн салык киргизет.

Турист мезгилге жараша үчтөн 10 еврого чейин төлөшү керек болот.

Италиянын шаарына билетти Интернет аркылуу алдын ала сатып алуу керек.

Алты жашка чейинки балдарга, ошондой эле дарыланууга, туугандарына же иш-чараларга келгендерден каражат алынбайт.

Муну менен бийлик туристтердин агымын, айрыкча сезондун кызуу мезгилинде жөнгө салгысы келет.

Жаңы салык келерки жылдын январь айынан тарта чогултула баштайт.