Канат Бегалиев мамлекеттик мекемеге директор болду

2008-жылдагы Олимпиададан күмүш медаль алган спортчу Канат Бегалиев Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.
Аталган мекеменин мурдагы жеткчиси Айбек Абдымомунов апрелдин башында Дене тарбия жана спорт департаментин жетектеп кеткен.
Бегалиев азыр 39 жашта. 2006-жылы грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн вице-чемпиону, ал эми эки жыл өткөн соң Пекин Олимпиадасында күмүш медаль тагынган.
Ал бир нече жыл бою Кыргызстандын классикалык күрөш боюнча командасынын башкы машыктыруучусу болгон.