Улуттук банк криптовалюталар менен байланышкан тобокелдиктер тууралуу эскертти

Улуттук банк криптовалюталардын жана виртуалдык активдердин жайылышына байланыштуу мүмкүн болуучу тобокелдиктерди эскертти.

Өлкөнүн башкы каржы мекемеси Кыргызстанда товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү криптовалютада жүргүзүү мыйзам бузуу экенин баса белгиледи.

Колдонуучулар криптовалюталар, виртуалдык активдер менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө бардык мүмкүн болгон тобокелдиктерди жана терс кесепеттерди өз мойнуна алат, — деп айтылат маалыматта.