Нарын медколледжинин бүтүрүүчүлөрүнө Германияда кесиби боюнча иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт

Нарын медициналык колледжинин бүтүрүүчүлөрүнө EDUVISO (Адистерди эл аралык деңгээлде даярдоо) программасынын алкагында Германияга барып кесиби боюнча эмгектенүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул боюнча  облус башчысы Сабыркул Ашимбаевдин EDUVISO программасынын өкүлдөрү менен жолугушуусунда кеңири сөз болду.

EDUVISO программасынын өкүлү Торстен Свобода Германияда орто медициналык кызматкерлер жетишпей турганын, анын үстүнө немецтер өздөрү эс алуу күндөрү иштебегендиктен бул жактан барып иштей турган медайымарга суроо-талап жогору экендигин билдирди.

Ошондой эле медицина тармагы мамлекет тарабынан каржылангандыктан кооптонууга негиз жок экенин, Кыргызстанда миграция чоң болгондуктан программа эки өлкөгө тең натыйжалуу болоорун айтты.

Анын айтымында, бул программа Ош, Кара-Балта шаарларында иштеп жатат.

Быйыл алгачкы бүтүрүүчүлөр Германияга барышат.