Тажикстандын кол салуусунан жабыркаган Баткен жана Ош облусунун тургундарынын 27 миллион сомдон ашуун суммадагы 344 насыясы жоюлду.
Улуттук банктын маалыматына караганда, дээрлик 3 миллион сомдук 204 кредит реструктуризацияланды.
Жалпысынан финансы-кредит уюмдарындагы насыясын жоюу өтүнүчү менен 480ден ашык карыз алуучу кайрылган.
Белгиленгендей, бардык арыздарга банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт.