Турак-жайлары камсыздандырылган жарандарга гана жардам көрсөтүлөт.
Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров билдиргендей, кеп, селден
жабыркагандар тууралуу болуп жатат. Анын айтымында, Лейлек районунда
жабыркаган 4 үйдүн бирөө гана камсыздандырылган. Жөлөк пулдун көлөмү
тартылган зыянга жараша 500 миң сомго чейин болот. Эске салсак, суу ташкыны
2-майда Ифанада, Тогуз-Булак жана Сумбула айыл аймактарында катталды.