Ордо калаада автобустардын ортосундагы аралык узартылды

Ордо калаада автобустардын ортосундагы аралык узартылды. Мэриянын маалыматына ылайык, эгер буга чейин күнүнө линияга 115 коомдук транспорт чыкса, эми алардын саны 90дон ашпайт.

 

Бул унаалардын бузулуусуна байланыштуу. 13төн ашык автобус Бишкектеги башаламандыктар учурунда жабыркаган. Бишкектин транспорт башкармалыгы автобустарга тетиктерди алууга тендер жарыялады.