Кыргызстандык 4 спортчу дүйнөнүн 25 жашка чейинки эң мыкты балбандары рейтингине кирди

Кыргызстандык 4 спортчу дүйнөнүн 25 жашка чейинки эң мыкты балбандары рейтингине кирди.

 

Бул тууралуу Бириккен дүйнөлүк күрөш сайтында жазылат. Ага ылайык, эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону жана Олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси Мээрим Жуманазарова алтынчы орунда жайгашты. Олимпиадада күмүш медалды багындырган Акжол Махмудов 7-позицияда.

 

Андан тышкары, рейтингге Эрназар Акматалиев жана Айпери Медет кызы дагы кирди. Алар  15-17-орундарды ээлешти.