Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпиону наамын үчүн күрөшөт

Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпиону наамын үчүн күрөшөт. Балбан жарым финалда казакстандык Айдос Султангалини 7:0 эсебинде утуп алды. Алтын үчүн кармашта ал болгариялык Эдмонд Назарян менен күрөшөт.

 

Ал эми Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатынын жарым финалында япониялык атаандашына жеңилип калды. Эми Тыныбекова коло байге үчүн күч сынашат.