Караколдо көп тармактуу ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталды

Караколдо көп тармактуу ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, курулушка капсула салынды.

 

Жалпысынан 30 гектар аянтка 3 миң батирлүү 64 үй куруу пландалууда. Кичи райондо ошондой эле 700 орундуу мектеп, 280 орундуу бала бакча жана фельдшердик-акушердик түйүн курулат. Бул долбоор жергиликтүү калкты жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу жана аймактагы жашоо шарттарын жакшыртууну көздөйт.