Чүй облусунун Ысык-Ата районунда социалдык шаарчанын курулушу башталды. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жергиликтүү бийлик тарабынан долбоорду ишке ашырууга жер тилкеси бөлүндү.
Жалпысынан 100 батирдин курулушу пландалды. Анын 40 батири Кең-Булуң айылынын аз камсыздалган тургундарына берилет. Андан тышкары, социалдык шаарчанын аймагында мечит, наабайкана, дүкөн жана башка объектилер каралат.