Канадада мамлекеттик кызматкерлерге TikTok колдонууга тыюу салынды

Канадада мамлекеттик кызматкерлерге TikTok колдонууга тыюу салынды.

Киберчабуулдардын жогорку тобокелдигине байланыштуу видеоплатформа бүгүнтөн тарта бардык мобилдик аппараттардан өчүрүлөт.

Тиркемени кайрадан жүктөп алуу мүмкүнчүлүгү да бөгөттөлөт.

Буга чейин Еврокомиссия өз кызматкерлеринен коопсуздук максатында TikTokту корпоративдик телефондордон өчүрүп салууну талап кылган.

Социалдык тармактын колдонуучулары мындай демилгеле таң калып жатышат.

Алар бардык колдонуучулардын маалыматтары ишенимдүү корголгон деп эсептешет.