Улуттук статистика комитети кайсы тармактарда маяна көбөйгөнүн жарыялады.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын январь-март аралыгында маалымат жана
байланыш — 27 пайызга, транспорт жана жүктөрдү сактоо — 11,5 пайызга, мейманкана жана
ресторан — 11 пайыз, илимий, техникалык ишмердүүлүк жана кен казуу тармагында — 10 пайызга,
өндүрүш иштетүү тармагында — 9,2 пайызга жана дүң, чекене соода, унаа оңдоо тармагында — 8,5 пайызга
айлык жогорулады. Ошол эле учурда электр энергиясы, газ, буу менен камсыздоо жана
курулуш тармактарында иштегендердин айлыгы өскөн жок, — деп белгилешти ведомстводон.
Ал эми учурда Кыргызстанда орточо айлык дээрлик 18 миң сомду түзөт.