Miso Robotics компаниясы тамактын 19 түрүн мыкты даярдай алган робот тартуулады

Miso Robotics компаниясы тамактын 19 түрүн мыкты даярдай алган робот тартуулады. Эми Flippy роботу ресторан ашканасындагы кызматкерлердин дээрлик жарымын алмаштыра алат.

 

Ал саатына 150 котлет жасоого ылайыкташкан. Роботтун баасы  30 миң доллар. Бирок программалык камсыздоосу сатылбайт, ал үчүн компанияга ай сайын 1,5 миң доллар ижара акы төлөө керек болот.