Жаш бала капысынан 3 миң жыл мурдагы уникалдуу артефакты таап алды.
Temple Mount Sifting Project басылмасы билдиргендей, Иерусалимде 9 жаштагы
Биньямин Милт тоодон кичинекей шуруну кезиктирген. Ал 4 каттан турат,
ар биринде тегерек алтындар кадалган. Археологдун айтымында,
шуру биздин заманга чейинки 950-586-жылдар аралыгына таандык болушу мүмкүн.
Муну менен катар окумуштуулар белгилешкендей, аталган доордо мындай жасалгалар чанда кездешет.
Ал учурда алтындын курамында күмүш басымдуулук кылчу.