UFC уюмунун эң көп маяна төлөнгөн мушкерлердин рейтинги жарыяланды

UFC уюмунун эң көп маяна төлөнгөн мушкерлердин рейтинги жарыяланды.

Sportsmail порталы билдиргендей, биринчи сапта ирландиялык Конор Макгрегор

12 миллион доллар менен жайгашат. Андан кийинки орунда нидерланддык спортчу

Алистер Оверим турат. Анын кирешеси 8 миллион  700 миң долларга жетти.

Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов 8 миллион 600 миң доллар менен үчүнчү орунду ээлейт.

Бул рейтинг мушкерлердин UFC уюмунан алган гонорарларына карата түзүлдү.

Демөөрчүлөрдүн келишимдери жана спортчулардын башка кирешеси эсептелген эмес.