Кыргызстандын футбол оюндары 7-августта жанданат.
Кыргыз Премьер-лигасынын маалымат катчысы Нурсултан Нурболот уулу “Азаттыкка” билдиргендей,
Дене тарбия жана спорт агенттиги оюндарды улантууга уруксат берди. Мелдеш эки айлампада жана
бардык беттештер Кант шаарында өтөт. 7-августта 1-турдун алкагында эки оюн өтөт.
Мында “Алай” — “Абдыш-Ата”, “Илбирс” — “Кара-Балта” командалары кез келет.
Коронавирус инфекциясынын таралышын алдын алуу максатында оюндар
көрүүчүлөрү жок өтөт. Турнир телеканал аркылуу түз алып көрсөтүлөт.