Футболчу Мирлан Мурзаев карьерасын Индияда улантат

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев Индиянын Жогорку Лигасында оюн алпарган «Ченнаи» клубуна өттү. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Футболчу буга чейин Бишкектин «Дордой» клубунда оюн өткөрүп келген.

 

Эске салсак, Мирлан Мурзаев улуттук курама команданын катарына 2009-жылы кошулган. Ал Кыргыз футболунун тарыхындагы эң мыкты бомбардир катары белгилүү (14 гол).