Шахида Нармухамедова кадеттер арасындагы дзюдо боюнча
дүйнөлүк рейтингинде биринчи сапка жайгашты. Анда кыргызстандык спортчу
4 сапка көтөрүлүп, 80 килограммдан жогорку салмак категориясында жазылды.
Былтыр Нармухамедова Алматы жана Ысык-Көлдөгү Азия кубогунда жеңүүчү аталып,
Ташкенттеги Азия Кубогунда коло медалдын ээси болгон.
Мындан сырткары Азия жана Океания чемпионатынан күмүш медаль уткан болчу.