Катуу жааган жаандан улам өлкөнүн бир катар облустарында сел жүрдү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, суу ташкыны Жумгал,
Алай, Ала-Бука жана Баткен райондорунда кечээ катталды. Ылай аралаш суу массасы
турак жай, короо, чарба аралык көпүрөгө, унаа жолдорго жана бир катар
курулуштарга каптады. Учурда жеринде тазалоо иштери жүрүп жатат.