Базар-Коргон районунун Арсланбап айылында сел жүрдү

Базар-Коргон районунун Арсланбап айылында сел жүрдү.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага караганда, кечээ тоолордо катуу жааган жаандан улам суу ташкындады.

Анын кесепетинен 10 турак жайдын короосуна суу толду. Бир катар курулуштардын

дубалдары ураган. 1 чакырымдан ашык унаа жол жарактан чыгып, электр мамычасы кулады.

Жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткан адамдар катталган жок. Селдин кесепетин жоюу

үчүн иштерин техника жана ведомствонун ыкчам тобу тартылды. 50 жергиликтүү

тургун аларга жардам берип жатышат. Тазалоо иштери уланууда.