Баткен облусунун Кадамжай районунда сел жүрүп, жаңыдан оңдолгон курулуштарды агызды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, суу ташкыны 3 күн мурда калыбына
келтирилген алты көпүрөнү жарактан чыгарды. Мындан тышкары Тамаша, Кызыл-Булак жана Лангар
айылдарындагы жолдорго суу каптап, унаа кыймылы токтоду. Жаратылыш кырсыгынан жабыркаган
адамдар бар же жогу тууралуу азырынча маалымат жок. Эске салсак, кыргызгидромет буга чейин
28-июлга дейре өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу бар экенин эскерткен.