Быйыл январда 2020-жылдагы январга караганда азык-түлүккө болгон баа республика боюнча 18,5 пайызга жогорулады.
Бул тууралуу улуттук статистика комитетинен билдиришти. Баалардын кымбатташы көбүнчө өсүмдүк майына
туура келет – 55 пайызга, картошка 1,5 эсе кымбаттаса, жумуртка жана кумшекер 34 пайызга, ошондой эле эт 27,5 пайызга,
ун 16,5 пайызга наркын жогорулатты. Ошол эле учурда дан өсүмдүктөрү 5 пайызга жана тоок эти пайызга арзандады