Баткен облусунда чек ара чырынан кийин абал турукташып, айылдардан эвакуацияланганда үйлөрүнө кайтып келүүдө

Баткен облусунда чек ара чырынан кийин абал турукташып, айылдардан эвакуацияланганда

үйлөрүнө кайтып келүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда,

аларды куткаруучулар атайын бөлүнгөн техника менен алып келүүдө. Айрымдары жеке

унаалары менен үйлөрүнө кайтып жатат. Эске салсак, чек ара чырынан Баткен облусу

боюнча 11 миң адам эвакуацияланып, алар туугандарынын үйлөрүнө, айрымдары атайын

пункттарга жайгаштырылган. Иштерди жеринде өзгөчө кырдаалдар министри

Бообек Ажикеев координациялап жатат.