Кыргызстандын бардык чек ара бекеттеринде жарандар, жүк жана транспорт атайын текшерүүдөн өтүп жатат

Кыргызстандын бардык чек ара бекеттеринде жарандар, жүк жана транспорт атайын текшерүүдөн өтүп жатат. Бул тууралуу бизге Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Андан такташкандай, коронавирусту алдын алуу максатында өлкө аймагына киргендер тепловизор менен текшерилип жатат.

 

Ошондой эле, ар бир транспорт каражаты атайын дезинфекциялык кароодон өткөрүлүүдө. Белгилеп кетсек, Кытайда коронавируска чалдыккандардын саны 70 миңден ашты.