Коммерциялык банктар долларды накталай берүүдө эмне себептен комиссия алып жатканын Улуттук банктан түшүндүрүп беришти

Коммерциялык банктар долларды накталай берүүдө эмне себептен комиссия алып жатканын Улуттук банктан түшүндүрүп беришти.

 

Өлкөнүн башкы каржы мекемесинин расмий өкүлү Аида Карабаеванын айтымында, Кыргызстанда накталай доллардын жетишсиздиги катталгандыктан, коммерциялык банктар америкалык валютаны чет мамлекеттерден алып келүүгө аргасыз. Комиссияны банктар өз чыгымын жабуу үчүн алып жатат.

 

Карабаева белгилегендей, Улуттук банк коммерциялык банктардын комиссия ставкаларына көзөмөл жүргүзөт.