Доллар болгону 2 саатта эле дагы 50 тыйынга арзандады

Доллар болгону 2 саатта эле дагы 50 тыйынга арзандады. Учурда коммерциялык банктар америкалык валютаны 73 сом 90 тыйынга сатып алып, 74 сомдон сатышууда. Ушуну менен доллар бир суткада эле 1,58 сомго позициясын жоготту.

 

Эске салсак, марттын аягында 2-3 жыл туруктуу 69 белгисинде сакталып келе жаткан доллар кескин кымбаттап, бир күндө эле 85 сомго жеткен болчу. Улуттук банк валюта серпилүүсүн жөнгө салуу үчүн бир нече интервенцияларды өткөргөн.