Улуттук банк кезектеги ирет эл аралык валюта рыногуна чыкты

Улуттук банк кезектеги ирет эл аралык валюта рыногуна чыкты. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришкендей, сегизинчи интервенцияда сомду колдоо максатында 3 миллион 100 миң доллар сатылды.

 

Доллар курсунун серпилүүсү 2 айдан бери уланууда. Бирок Улуттук банктын аракеттери жыйынтык бере элек. Учурга карата ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 84 сомдон сатып алып, кайра 84 сом 80 тыйындан сатышууда.